super.kg logo

Европа кеңешинин президенти Садыр Жапаровду Брюсселге келип кетүүгө чакырды

 

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жана регионалдык иш-чаралардын графигин, 2021-2027-жылдарга көп жылдык индикативдүү программанын алкагында бюджеттик колдоонун артыкчылыктарын талкуулоону улантышты.

Ошондой эле 5-ноябрда Бишкекте өтө турган Европа биримдиги - Борбор Азия биринчи экономикалык форумун уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Ооганстандын айланасындагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашып, тынчтыкты сактоо жана өлкөдө зомбулуктун алдын алуу боюнча жалпы кызыкдарлыгын белгилешти. Тараптар Европа биримдигинин бул багыттагы ыкмаларын жана андан аркы пландарын, ошондой эле ооган калкына, анын ичинде Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карашты.

Анда Европа биримдигинин президенти Шарль Мишель Садыр Жапаровду ыңгайлуу убакта Брюсселге келип кетүүгө чакырганы айтылды.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча байланышта болууга макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: