"Сен менин устатымсың", "үйдүн жалгыз баласы болчу". Назира Айтбекова Алексей Филатовду эскерди
Алып баруучу Назира Айтбекова Алексей Филатовду эскерди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Биз бир тууган элек. Мени дайыма бир тууганым дейт эле. Үйдүн жалгыз баласы болчу. Мен үйдүн жалгыз кызы. Биз бири-бирибизди таап алып жыргадык. "Хит парадга" келгенде сага тең келем, сени уят кылбайм деп жүрүп көп нерсеге үйрөндүм. Сен менин устатымсың!
"Хит парадды" сагындым. “Возвращение Хит парада” кылалычы? Кайра ошол долбоорду жасасак..." деп кыялданып жүрүп кетти. “Сен Кыргыз өлкөсү үчүн эмес, Орусияда алдыңкы каналдарда сайрай турчу жигитсиң! Талантыңды баала! Сени баалай турган жерге кет” деп көп айтчумун", - деди ал.
Бүгүн, 12-сентябрда алып баруучу Алексей Филатов каза болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Арты кайрылуу болсун. Чынында абдан мыкты, таланттуу жигит болчу. Чыгармачыл, боорукер жана жаркын адам болчу.
Ковид