super.kg logo

Министрлер кабинетинин бланкттарды даярдоо боюнча тендерге тийиштүү түшүндүрмөсү

 

Министрлер кабинетинин бланкттарды даярдоо боюнча тендерге тийиштүү түшүндүрмөсү жарыяланды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Тендер ушул жылдын 21-июлунда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик ишканалар же 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактар тендерге катыша алмак.

Түшкөн маалыматка ылайык, бланктарды даярдоого кызмат көрсөтүүсү үчүн жалпы суммасы 518,5 миллион сом сунуштаган “Гознак” ЖЧКсы менен келишимге кол коюлган учурда, бланктардын наркы дээрлик 2 эсеге жогорулашына алып келмек.

Ушул жылдын 26-августунда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин иши текшериле баштаган.

Андан кийин тендер келишимге кол коюла электе эле жокко чыгарылган жана "Унаа" мамлекеттик мекемесине эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарынын баасын жогорулатууга жол бербөө сунушталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы 13-сентябрда чыгарылып, коомчулукка жарыяланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: