super.kg logo

Феминисттер белгилүү футболчу Криштиану Роналдуга каршы нааразычылык акциясын өткөрүштү

 

"Level Up" феминисттик кыймылы белгилүү португалиялык футболчу Криштиану Роналдуга каршы нааразычылык акциясын өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Англиядагы "Олд-Траффорд" стадионунда "Манчестер Юнайтед" менен "Ньюкасл" беттеши жүрүп жаткан учурда модель Кэтрин Майоргини колдогон жазуулар жазылган учак стадиондун үстүнөн учуп өткөн. Ал беттеште Криштиану Роналду "Манчестер Юнайтедге" кошулгандан бери алгачкы ирет талаа үстүнө чыккан. Феминисттер мындай аракети менен 2009-жылы Криштиану Роналду зордук көрсөттү делген модель айымдын ишине көпчүлүктүн көңүлүн бурууга аракет кылышкан.

Эске салсак, Кэтрин Майорги 2018-жылы португалиялык футболчунун үстүнөн арызданган. Ал 2009-жылы Лас-Вегаста Роналду тарабынан зордукталганын айтып чыккан. Моделдин айтымында, футболчунун тарапташтары окуя боюнча эч кимге сөз чыгарбоо үчүн ага 375 миң доллар төлөп беришкен.

Ал эми 2020-жылы Майорги португалиялык футболчуга карата жазган арызын кайрадан козгоп чыккан. Ал учурунда ооз ачпоо боюнча келишимдин шарттарын түшүнүү мүмкүн болбой калганын билдирген.

Криштиану Роналду өзүнө карата коюлуп жаткан айыптоолорду толугу менен четке кагып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
13.09.2021. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Роналдудан сайылганыңа сүйүнүп жүрө бер да
13.09.2021. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sakubek,ошону айтсаң. Роналдонун чимкирген салфеткасын канча миң долларга сатып алды го
13.09.2021. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sakubek,Жагып калган да,дагы бир жолу десе Рональдо көнбөй жатат чамаси.
13.09.2021. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул акчага иштеген модель экен да мумкун ОЗУ бергендир эле рон дун каршылаштары, угуттоп жатат да бул аялды да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: