super.kg logo

Ооганстанда "Талибан" кыймылынын саясатын колдогон аялдар митингге чыгышты

 

Ооганстанда "Талибан" кыймылынын саясатын колдогон аялдардын митинги болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акцияга 300гө жакын аял катышкан. Алар денени толук жапкан көйнөк жана кол кап кийишкен. Митингге чыккандар "Хиджаб кийбегендер баарыбызга зыян келтирет", "Мурунку бийликтер аялдарды кордогон. Алар аялдардын сулуулугуна карап жумушка алышкан", "Ооганстандан кеткен аялдар биздин өкүл боло албайт", "Биз биргеликте билим алууну каалабайбыз" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

"Ал эми "Талибан" кыймылы бул акцияга алдын ала уруксат берилгенин айткан. Ошондой эле талибдер аялдардын укугу сакталарын, аларга иштөөгө жана окууга уруксат берерин убада кылышты", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин кыздар жүзүн кошо жапкан баш кийим кийип, эркек балдар менен бир бөлмөгө отурбай өзүнчө окуй турганы айтылган. Мындан тышкары "Талибан" кыймылы ооган аялдардын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.09.2021. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Талибандар артистигин кылып ататта короче)!
13.09.2021. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул аялдарды мажбурлап чыгарса керек митингке
13.09.2021. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кантип болсун? Чеги менен соонун болуп оронуп авраат жерлерин жаап, жармашбаган жабык койнокторду кийишсе болотда. " приведениеге" окшошбой. Жудоп какап.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: