super.kg logo

Жылдыз Бакашова Катар кайрымдуулук уюмунун өкүлү менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Qatar Charity Катар кайрымдуулук уюмунун глобалдык программасы боюнча директору Навафа Абдулла Аль-Хаммади менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар өлкөдө Катар кайрымдуулук уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор тууралуу пикир алмашкан.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, Кыргыз өлкөсү Катар менен бардык тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берет, өлкө эки мамлекет ортосундагы мамилелерди чыңдоого кызыкдар.

"Ал өлкөнүн алыскы райондорундагу социалдык мекемелерди куруу, студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу жана Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик программалары алкагында жергиликтүү калктын аярлуу катмарына көмөк көрсөтүүдө кызматташтыкты улантууга чакырды", - деп жазылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Катар кайрымдуулук уюмунун директору Наваф Абдулла Аль Хамади маалымдагандай, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармагындагы атайын долбоорлорду ишке ашыруу улантылат.

Ошондой эле ал белгилегендей, социалдык жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү туруктуу иш менен камсыздоо үчүн өндүрүү жана тейлөө көрсөтүүгө байланыштуу киреше алып келүүчү долбоорлорго басым жасалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: