super.kg logo

Франция "Талибан" кыймылынын жаңы бийлигин тааныбай турганын билдирди

 

Франция "Талибан" кыймылынын жаңы бийлигин тааныбайт жана алар менен кандайдыр бир мамиле куруудан баш тартат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Ле Дриан билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Франция талибдердин жаңы бийлигин таануудан жана алар менен байланыш куруудан баш тартат. Биз аларга бир топ талаптарды койдук жана кийинки кадамдарын күтөбүз", - деп билдирген министр телеканалдардын бирине берген маегинде.

Ошондой эле ал талибдерге өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган жарандар үчүн эч кандай тоскоолдук жаратпоо, талибдер көзөмөлдөп турган аймактарга барган гуманитардык жардамдарды өткөрүү, өлкөдөгү аялдардын укугун коргоо жана террордук "Аль-Каида" уюму менен кызматташпоо сыяктуу талаптар коюлганын белгилеген.

"Алар бир канча жолу ар бир жаран Ооганстандан тоскоолдуксуз чыгып кете аларын айтышты. Бир канча ирет инклюзивдүү бийлик курабыз дешти. Бирок булардын баары куру сөз бойдон калууда", - деп кошумчалаган министр.

Буга чейин "Талибан" кыймылынын жаңы бийлигин тааныбай турганын Чехия өлкөсү да билдирген.

Эске салсак, өткөн аптада "Талибан" кыймылы бийликтин жаңы курамын жарыялаган. Ошондой эле инаугурация салтанатына бир катар өлкөлөрдү чакырганы да маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: