Быйыл окуучулардын мектеп формасы кандай болот? Министрликтин жообу

Бүгүн, 13-сентябрда жогорку окуу жайларда жана колледждерде окууну салттуу түрдө баштоо боюнча маалымат жыйын өтүүдө.
Жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова мектеп формасы тууралуу дагы сөз кылды.
"15-сентябрда жогорку окуу жайларда жана мектептерде салттуу түрдө билим берүү башталат. Анда мектеп формасы талап кылынбайт. Эгер үйдө окуучулардын формасы бар болсо ошону кийсе болот. Эгер ал форма жок болсо үстүнө ак (кофта), алдына кара (юбка, шым) форма катары кийсе болот. Быйыл биз мектеп формасын талап кылган жокпуз", - деди Жусупбекова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
1

Эркин форма дегенден кийин кааласа кызыл тазыл, кок-жашыл кийинет, спортивка, джинсы кийет кааласа..... Учурдагы шартты карабайбы?!