Өлкөдөгү киберкоопсуздук боюнча долбоорду Корея Республикасы каржылайт
УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен "Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOS) түзүү" гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча эки тараптуу келишимге кол койду. Бул тууралуу аталган комитеттин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, "Компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOS) түзүү" долбоору өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын бекемдөөгө багытталган.
Долбоордун алкагында SOS борборунун өзүн түзүү, жабдуулар жана программалар менен камсыздоо, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтуу пландаштырылууда.
Долбоордун узактыгы 5 жылга, тагыраагы 2025-жылга чейин созулат. Аны ишке ашыруу каражаты 5 миллион долларды түзөт.


