УКМК тарабынан кармалган Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык соту тарабынан акталды
УКМК тарабынан кармалган Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык соту тарабынан акталды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ош шаардык сотунун 11-августтагы өкүмү менен Кылычбек Саркарбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондугу аныкталган. Жогорудагы өкүмгө мамлекеттик айыпталуучу макул болбой, Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш келтирилди", - деп жазылат маалыматта.
Кылычбек Саркарбаев 2020-жылдын 16-декабрь күнү УКМК тарабынан кармалган. УКМК 1987-жылы 20-январда туулган Кыргыз Республикасынын жараны Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин паспорт алуу мыйзамдуулугун текшерүүдө документте жасалмалоо фактысын аныктаганын билдиришкен.
УКМК Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергенин маалымдаган.













1 |