super.kg logo

Чайнектин ышкырганы, терезени черткилеген жамгыр... Окумуштуулар адамга жагымдуу сезим тартуулаган үндөрдү атады

 

Окумуштуулар адамдарга бактылуулук тартуулаган эң жагымдуу үндөрдү атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган изилдөөнү АКШдагы "Good News Network" онлайн гезити жасаган. Алар 2000ге жакын адамга сурамжылоо жүргүзгөн жана анын жыйынтыгында эң жагымдуу деп эсептелген үндөрдү аныкташкан. Сурамжылоонун натыйжасында ар бир 10 адамдын төртөөсү жумасына жок дегенде 2 ирет ностальгиялык музыкаларды угуп турарын билдиришкен.

Ал эми эң жагымдуу үндөрдүн алдыңкы катарында куштардын сайраганы жана деңиз толкунунун шарпылдаган үндөрү орун алган.

Андан кийинки саптарда терезени черткилеген жамгыр үнү, койлордун маараганы жана рельсте кетип бара жаткан поезддин үнү жайгашкан.

Тан калычтуусу чайнектин ышкырган үнү дагы жагымдуу сезимдерди калтырган үн деп табылган.

Ал эми бул тизмеге кирген башка үндөр: үналгынын үнү, кар күрткүсү, шаркыратманын үнү, музыкалык композициялар, жалбырактардын шуудураганы, күндүн күркүрөгөнү, аарылардын ызы-чуусу, көчөдо ойноп жаткан балдардын ызы-чуусу, чөп чабуу учурундагы үндөр, фонтандын үнү, уйлардын мөөрөгөнү, стадиондогу ызы-чуу, асманда учуп бара жаткан учактын үнү, кофе даярдоочу идиштен чыккан үн, блендердин үнү, иттердин үргөнү, көчөдөгү ырчылар, пивонун капкагын ачкандагы үн, аттын чуркап бара жаткандагы үнү, кол чабуулар, суудан секирген балыктын үнү, куурулуп жаткан тамактын үнү, жамгыр үнү, мышыктын мыёлогону жана башка үндөр.

Ошондой эле адамдар көбүнчө табияттагы үндөрдөн ырахат алары айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.09.2021. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Илгери,Бакиев светти очтургон маалдарда. Кышкысын мешке от жагып,устундо чайнекте чызылдап суу кайнап,мештин эшигинин четтеринен жалын кызыл сары болуп очуп куйуп корунуп.....эх,менин балалыгым.Сагындым(((.
13.09.2021. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен үчүн ахалаган үн жагымдуу
14.09.2021. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага кичине суук болсо тошок жабыныып жамгыр жаап турса ошол жамгырдын унун угуп уктоган оло жагат.бирок карыздарын жок болсо конечно.
14.09.2021. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конулун тынч болсо.кайгы капа болбосо бардык нерсенин жакшы гана жактарын коруп,уга аласын.эгер коодонундо тынчтык болбосо.бир нерседен азап чегип турсан,булбулдун сайраганы да жакпайт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: