Бабур атындагы Ош драма театры толук реконструкциядан өтөт









Ош шаарында жайгашкан Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрынын толук реконструкциясы башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Шаардын вице-мэри Жасур Азимов баштаган жумушчу топ жеринен кабар алып, аткарылып жаткан иштер боюнча таанышты.
Реконструкциялоо Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эл аралык эки тараптуу социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык башталган. Театрды реконструкциялоону аяктоо келерки жылдын башында пландалууда. Жумуштун жалпы баасы 5 миллион долларды түзөт.
Көрсөтүлгөн долбоорго ылайык, театрдын имараты толугу менен оңдолот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Бабур театрын илгери эле туугандардын атында иштегендер бүт туугандар эле. Ээми Өзбекстан оңдоп берсе өмүрү кыргызча атка өтпөйт экен да. Оңдоп түзөөдөн өткөн соң Бабур театрына бүт өзбекстандын маданият адамдарынын сүрөт галереясы илинет көрөсүңөр го. Эми не когда кыргызча атка коё албайсыңар