Москвадагы метролордун биринде тажик жана өзбек тилиндеги белгилер пайда болду
Орусиянын Москва шаарындагы "Лесопарковая" станциясында өзбек жана тажик тилдеринде жазылган белгилер пайда болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, метро бекетинин кире беришинде тажик тилинде (кириллица алфавити менен) жана өзбек тилинде (латын алфавити менен) көрсөтмө белгилер илинген.
Интернет колдонуучулары арасында буга карата ар кандай пикирлер айтылууда. Айрымдар "өзбектер менен тажиктерге өзүнчө жазуусу менен белгилерди коюунун зарылчылыгы жок" деген пикир калтырышса, кээ бирлер "мигранттар көп жумуштарда иштеп жатышат. Мындай нерсенин эмнеси жаман?" деген оюн айтышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:17
2025-07-11

15:27
2025-07-11
Рейтинг:
0

Болбосо илгери кандай жаман иштер болсо эле кыргыздар дей беришчүү,Екатеринбургда иштеп жүргөнүмдө.Биз чычалап тартышат элек алар кыргыз эмес башка улут,башка мамлекет десек.
Биз үчүн баары кыргызда,башкасын билбейбиз деп калышчуу.