Бишкекте Өзбекстандан келген музыкалык топтун концерти өтөт

Бүгүн, 14-сентябрда Евразиянын борборлорун кыдыруунун алкагында Өзбекстандан белгилүү музыканттар Кыргыз жергесине келишет. Алардын OpenAir форматындагы концерти 18-сентябрда саат 19:00дө Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин жанында өтөт.
ЭЛЕКТРООКО - Өзбекстандын эң дымактуу музыкалык долбоору. Синт-поп жанрындагы музыкалык топ автордук музыканы орус тилинде аткарат. ЭЛЕКТРООКОнун адаттан тыш үнү фантастикалык, ирониялык жана постмодерндик лирика менен айкалышкан жандуу скрипка, гитара жана электрониканын синтезин жаратат.
"Сорос Кыргызстан" фондунун билдирүүсүнө караганда, өзбек ырчылары концерттик турнесинде деңиздин тарыхына арналган уникалдуу ырларын аткарышат, ошондой эле угуучуларына адаттан тыш фирмалык белектерди таратат.
Евразия борборлорун кыдыруу алкагында топ Дүйшөмбү, Бишкек, Алматы, Киев, Москва, Ташкент шаарларына барышат. Бул долбоор Өзбекстандын Туризм жана спорт министрлиги, ошондой эле Швейцариянын Өзбекстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жатат.


