super.kg logo

"Талибан" кыймылы түзгөн жаңы өкмөт Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышпайт

 

"Талибан" кыймылы түзгөн жаңы өкмөт Дүйшөмбү шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышпайт. Бул тууралуу Орусия президентинин аталган уюмдун иштери боюнча атайын өкүлү Бахтияр Хакимов билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Ооганстан уюмдун байкоочусу болуп турган маалда мурдагы президент Ашраф Гани бул жыйынга чакырылган. Бирок аталган өлкөдө бийлик алмашкандыктан жана азыркы бийлик легитимсиз деп таанылып жаткандыктан бул жолку саммитке чакырылган эмес.

"Учурда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бирөө дагы талибдердин өкмөтүн расмий түрдө тааный элек. Ошондуктан аларды чакырууга эч кандай негиз жок", - деп билдирген Хакимов.

Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун 20 жылдык юбилейлик саммити 16-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.09.2021. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кыргызстанда Диний фанатизмге жана аялдардын укугун бузууга жол берилбеши керек.
Фанатизм жаштарды прогрессивдүү ойлорго эмес, жашоолорун артка тартып коюшу мүмкүн.
14.09.2021. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
alimbek94, дагы ошол аялдын укуктарын сага окшогон чала сабат билимсиздер тебелейт. Ислам Динибизде аялдардын укугу жогору коюлат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: