super.kg logo

БУУ: "Женевада өткөн конференцияда Ооганстан үчүн 1 миллиард доллардан ашык каражат чогулду"

 

Бириккен улуттар уюму Женевадагы конференцияда Ооганстанга 1 миллиард доллардан ашык гуманитардык жардам чогултту. Бул тууралуу башкы катчынын орун басары Мартин Гриффистин берген билдирүүсүнө таянып, чел элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каражаттар өлкөнү өнүктүрүү жана гуманитардык кризистин алдын алуу боюнча долбоорлорго багытталган.

Гриффистин айтымында, Женевадагы конференциянын катышуучулары чоң жоомарттык көрсөтүшкөн. Ошондой эле ал каражаттар оогандыктардын оор мезгилине жумшаларын кошумчалаган.

Мындан тышкары БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш өзгөчө кырдаалдарга карата чара көрүү борбордук фонду аркылуу 20 миллион доллар Ооганстанга жөнөтүлөрүн жарыялап, жакынкы төрт айда дагы 606 миллион доллар чогултуу планын айткан.

Белгилей кетсек, Кытай бийлиги Ооганстанга жардам катары 31 миллион доллар жана COVID-19га каршы вакцинанын 3 миллион дозасы менен камсыздары белгилүү болгон.

Билдирүүгө ылайык, азыркы учурда Ооганстан калкынын дээрлик жарымы (18 миллионду түзөт) жардамга муктаж. "Талибан" кыймылы бийликке келгенден кийин өлкөдө кырдаал начарлап кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.09.2021. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аны Афганистанга кантип жумшайсыңар? Талибандарсыз азыр эч нерсе киргизе албайсыңар, а алар аркылуу болсо анда өздөрүнө эле коротот ал көпөстөр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: