super.kg logo

Жигит машыгуу залына барууга милдеттүү! Америкалык түгөйлөрдүн 17 барактан турган мамиле келишими көпчүлүктүн көңүлүн бурду

 

Америкалык Энни Райт жана Майкл Хэд аттуу түгөйлөрдүн 17 барактан турган эки тараптуу келишимдин негизинде кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнү интернет айдыңында көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы Энни Райт аттуу студент кыз жактырган жигити менен таанышып, 2 апта сүйлөшүп жүргөндөн кийин тамаша иретинде ортодогу мамиленин эрежелерин камтыган келишим түзүүнү сунуштаган. Ал эми жигити Майкл Хэд болсо бул нерсеге таң калбастан, кыздын идеясын толугу менен колдогон.

Андан соң түгөйлөр кеңешип, бир катар эрежелер камтылган 17 барактуу келишимге кол коюшкан. Андагы эрежелерди Энни өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтып берген.

Келишимде түгөйлөр көбүнчө өз талаптарын жана бири-биринен күткөн нерселерин жазышкан. Анын биринчи барагында чынчылдык, бири-бирин түшүнүү, бири-бирине ачык болуу, өнөктөштүк, ниеттердин тактыгы сыяктуу бир катар эрежелер менен бирге кыз-жигит болуудагы максаттарын белгилешкен.

Ошондой эле келишимде бири-бирине көңүл бурбай коюуга жана башка достор тууралуу иштерге кийлигишүүгө катуу тыюу салынган.

Ал эми Энниге тиешелүү бөлүмдөгү талаптарга ылайык, жигити аптасына 5 жолу машыгуу залына барып турууга, айына 2 ирет кызга гүл белек кылууга жана жолугушууга кеткен бардык чыгымдарды өз моюнуна алууга милдеттендирилген. Бирок бул эреже кыз жолугушууга кечикпей келген шартта гана ишке ашары белгиленген.

Мындан тышкары кандайдыр бир таарынышуулар же талаштуу учурлар эки тараптуу диалогдун негизинде гана чечиле турганын жазышкан.

Октябрь айында түгөйлөр мамилесинин 1 жылдыгын белгилешет. Буга байланыштуу келишимди кайрадан карап чыгып, дагы кеңейтүүнү пландап жатышканын билдиришкен.

Энни бул келишим алардын мамилесин жакшыртканын жана бекемдегенин айткан. Ошондой эле башка түгөйлөргө да сунуш кыларын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
15.09.2021. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумасына 5 жолу спорт өтө көпко. Жумасына 2-3жолу барса эле ден соолукка, денени формада кармоого жетет. Булчуңдар дагы ээс алыш кереда.
15.09.2021. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Десе алтын балык олуп калыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: