Жумгалда Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери каза болду







Нарын облусунун Жумгал айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери болгон Токон Мурсалиев 97 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токон Мурсалиев Жумгал району боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери болчу.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жумгал районунун акими Жамшит Матанбаев катышып, чакан митинг болуп, асманга ок атылган.
Токон Мурсалиев 1924-жылы Жумгал районуна караштуу Куйручук айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1943-жылдын 18-майында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Алгач Казакстандын Караганда шаарында кенже командирлерди даярдоочу 6 айлык курсун бүтүрүп лейтенант наамын алып, биринчи украиналык фронттун жоокерлеринин катарында согушка кирген. Токон Мурсалиев Калининград шаарына чейин барып, душмандар менен мекенин коргоо үчүн салгылашкан. 1946-жылы аскерден мекенине капитан наамы менен кайтып келген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Токон Мурсалиевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.


