Быйыл Бишкектеги мектептерде 170 миң окуучу билим алат







Бүгүн, 15-сентябрда өлкө аймактарында жаңы окуу жылы башталып, мектептерде салтанаттуу линейка орун алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан маалымдашты.
Ага ылайык, борбор калаада быйыл 1-класска 16 миң 840 окуучу кабыл алынды.
"Бул жылы Бишкек шаарындагы мектептерде 170 миң окуучу окуйт. Алардын ичинен 16 миң 840 бала мектеп босогосун алгачкы жолу атташты.
Салтанаттуу линейкада коңгуроо кагылып, андан соң ачык сабактар өтүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.