Аксыдагы күйдүргү жарасы аныкталган айыл карантинге алынды
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жүзүмжан айылында күйдүргү жарасы аныкталгандыктан, бир айга карантинге алынды. Бул тууралуу Аксы районунун акими Замирбек Сыдыковго байланышканыбызда белгилүү болду.
"Кечээ түштөн кийин бизге райондук ветеринардык бөлүмүнөн күйдүргү жарасы катталгандыктан, карантин киргизүү тууралуу билдирүү келип түштү. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жүзүмжан айылына карантин киргизилди.
Анын максаты айылдагы малды чыгарбоо, ошол жерде жашап жаткан элди көзөмөлгө алуу. Ар бир тургун текшерүүдөн өткөрүлөт. Мал чыгарылбайт, башка аймактардан мал киргизилбейт.
Бизде күйдүргү жарасынын тери аркылуу жуккан түрү катталды.
Аталган айылда 200гө чукул кожолук бар", - деп билдирди Сыдыков.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөн 7 адамдын анализдеринин жыйынтыгы чыгып, алардын экөөнөн гана күйдүргү илдети аныкталган.
2-сентябрда Аксы районундагы Кара-Суу айылында күйдүргү илдетине шектелип 7 адам ооруканага жаткырылган. Алардын арасынан бешөө эркек, экөө аял киши экендиги маалым болгон. Алар 26-август күнү мал союп, ичеги-карын жуушканы жана илдет аларга малдын терисинен жуккан болушу мүмкүн экендиги айтылган.


