"Түркмөнстандан электр энергиясы экспорттолууда". Энергетика министри кышында жарык үзгүлтүксүз берилерин айтты

Иш-чарага энергетика тармагындагы эксперттер, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер катышты.
Энергетика жана өнөр-жай министри калкты күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында бардык иштер жасалып жатканын белгиледи.
"Кышкысын Кыргыз өлкөсүндөгүлөр электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынат. Анткени быйыл суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу Түркмөнстандан электр энергиясы экспорттолууда. Мындан тышкары кышка даярдык маселеси өз нугунда жүрүүдө. Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн бардык энергетикалык объектилердин жабдуулары оңдоп-түздөөдөн өттү", - деди Доскул Бекмурзаев.
Ошондой эле министр электр энергиясынын кубаттуулугун бекемдөө боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Тегерек столдо көз карандысыз эксперттер, коомдук ишмерлер жана энергетика тармагындагы эксперттер калк үчүн электр энергиясынын баасы 77 тыйындан калышын, чакан ГЭСтердин курулушун колдой тургандыктарын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nazira...

15.09.2021. 18:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне өзүбүздүн эл.энергиябыз жетпейби. Өзбекистанга бербей эле коюшпайбы анда.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.