Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылды
Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылды. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Экономика кыйраганда жашоо деңгээли төмөндөйт, ачык тышкы саясат жок, чек аралар коркунуч алдында турат, буга ким күнөөлүү? Жок, жалгыз башкаруучу эмес, анын министрлери эмес! Буга миңдеген чакырым жерде жашаган жаш кыз, отставкадагы генерал жана, албетте, оппозициялык депутат.
Мен чечкиндүү түрдө айта алам, Жанар Акаев дайыма саясий күрөштүн укуктук формаларын колдогон. Мен генерал Асановго ишенем, аны чынчыл офицер жана чыныгы милиция кызматкери деп эсептейм.
Ички иштер министрлиги бийликке жагынууга аракет кылып жатат. Үйлөнүү тоюна аз калган жигитти өлтүргөн милиция кызматкерлерине эмне болду? Айзада менен Бурулайга каршы кылмыштарды жаап-жашырууга аракет кылган милицияларчы? Кылмыштуулуктун өсүшү, көчөдөгү тартип жөнүндө эмне айтууга болот? Жол кырсыктары өсүп, адам өмүрлөрү кыйылып жатат. Биз эмне кылабыз? Биз өзүбүздүн ишибиз менен алектене алабызбы? Мен саясий куугунтукту токтотууну талап кылам!", - деп жазды Никитенко.
Буга чейин интернет айдыңында Алмазбек Атамбаев, Курсан Асанов жана Жанар Акаев үчөө бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатканын далилдеген материалдар тараганы айтылып жаткан. Депутат кайрылуусунда эч бир саясатчы менен бирге бийликти басып алууга аракет көрбөгөнүн жана буга карата эч кандай далил жок экендигин билдирген.
Бүгүн, 15-сентябрда Жанар Акаев ИИМге суракка кирип кетти.




1 |