Динара Кемелова Кыргыз өлкөсүнүн Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалды
Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кыргыз өлкөсүнүн Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
"Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кемелова Динара Амантуровнанын резиденциясы Сеул шаарында жайгашып, ишти айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Вьетнам Социалисттик Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Динара Кемелова 2019-жылдын январь айында Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.