super.kg logo

Суусамырдагы мектептердин бирине акыркы үлгүдөгү компьютерлер тапшырылды

 

Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу Кожомкул айылындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектепке акыркы үлгүдөгү 12 комплект компьютер (процессор, монитор, клавиатура, наушник) салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12 комплект компьютердин жалпы баасы 407 миң 928 сомду түздү.

"Алыскы аймактардагы мектептерди колдоо максатында министрлик тарабынан берилген компьютерлерди мекеменин басма сөз катчысы Самат Тоялиев тапшырды. Иш-чарага мектептин администрациясы, мугалимдери жана жогорку класстын окуучулары катышты.

Эске сала кетсек, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев ушул жылдын май-июнь айларында аймактарга жасаган иш сапары учурунда Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерди кыдырып, мугалимдер жамааты жана айыл тургундары менен жолугушкан эле. Анда аталган мектептин мугалимдери маалымат технологиялары өнүгүп жаткан заманда мектепте бир дагы компьютер жоктугун, компьютердик класс аңгырап бош турганын айтып, ушул көйгөйдү чечип берүүнү министрден өтүнүшкөн", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: