super.kg logo

Айзада Канатбекованын өлүмү: Милиция кызматкерлерине карата шалаакылык беренеси боюнча иш тергелүүдө

 
Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарына Айзада Канатбекованын иши боюнча милиция кызматкерлерине карата өндүрүш ишинин кыскартылгандыгы тууралуу жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт.
Азыркы учурда жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иши боюнча УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери улантылууда жана анын жүрүүсү прокуратуранын көзөмөлүндө турат", - дешти мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.

Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Канатбекованын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзада Канатбекова Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.

Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүүдө.

8-апрелде Канатбекованын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилген. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган. Ал эми Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 331-беренеси (шалаакылык) менен Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

30-апрелде Бишкек ШИИББи Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө амалдары аяктап, иш сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: