super.kg logo

Өлкөдө "Мыкты боз үй" кароо-сынагы өтөт

 
Өлкөдө VI Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык фестивалынын алкагында “Мыкты боз үй” кароо-сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кароо-сынак 22-сентябрдан тартып 25-сентябрга чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында өткөрүлөт.
Сынактын негизги максаттары:
• Боз үй жасаган улуу муундагы чеберлерден кийинки өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо;
• Кол өнөрчүлүгүнүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу, жайылтуу;
• Көркөм кол өнөрчүлүктүн сырларын таасын билген уздар менен усталарды массалык маалымат каражаттары аркылуу даңазалоо;
• Кыргыздын көркөм кол өнөрчүлүгүн массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири жайылтуу жана пропагандалоо.
Сынакка катышуунун шарттары:
* Сынакка калктын бардык катмарынын өкүлдөрү катыша алат жана чеберлердин жаш-курагы, улуту чектелбейт. Сынакка ички-сырткы жасалгалары толук бүткөн, элдик нукура технологияны колдонуу менен сын-келбеттүү боз үйлөрдү өз колдору менен жасаган бардык чеберлер катыша алат;
* Сынакка буга чейинки эпос фестивалына катышкан боз үйлөр катыша албайт;
* Сынактын жеңүүчүлөрү калыстар тобу тарабынан аныкталат;
* Сынактын катышуучулары уюштуруу тобуна “Билдирме-анкетасын” (Тиркеме №1) 2021-жылдын 20-сентябрына чейин, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, №78 (3-кабинет) дарегине тапшыруусу зарыл. Бул мөөнөттөн кечиккен документтер кабыл алынбайт;
* Сынактын катышуучуларына сынакка катышууга жолдомо алгандыгы тууралуу уюштуруучулар тарабынан “Билдирме-анкетасында” көрсөтүлгөн телефон аркылуу маалымдалат;
* Сынакка катышууга кабыл алынган боз үйлөр 22-сентябрь күнү күндүн биринчи жарымында түшкү саат 12:00гө чейин Бишкек шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында орнотулат;
* Тигилген боз үйлөр сыныктын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин гана чечилет;
* Сынакка катышууга кеткен чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен каржыланат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: