super.kg logo

11 алтын. "Кыргыз темир жолунун" кызматкерлери XX эл аралык Ысык-Көл оюндарына катышып, 50 медаль утушту

 

"Кыргыз темир жолунун" 14 кызматкери XX эл аралык Ысык-Көл оюндарына катышып, жалпысынан 50 медаль утушту. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолунун" басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, алар спорттук оюндардын 12 түрү боюнча (жеңил атлетика, сууда сүзүү, армрестлинг, пляждык футбол жана башкаларга) катышты. Оюндардын жыйынтыгында компаниянын командасы 50 медалга ээ болду, анын 11и алтын, 6сы күмүш, 33ү коло.

Эске салсак, XX эл аралык Ысык-Көл оюндары 2021-жылдын 4-сентябрынан 12-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында "Азия-тынчтыктын жана кызматташтыктын аймагы" деген ураан астында өткөн. Аларга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн, анын ичинде ШКУ жана КМШ өлкөлөрүнн спортчулары катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: