super.kg logo

Садыр Жапаров ЖККУ саммитинде Ооганстандагы кырдаал боюнча Кыргыз өлкөсүнүн позициясын билдирди

 

Бүгүн, 16-сентябрда президент Садыр Жапаров Дүйшөмбү шаарында ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясындагы сөзүндө Ооганстандагы кырдаал боюнча Кыргыз өлкөсүнүн позициясын билдирди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсүнүн ЖККУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналарын дагы бир жолу белгиледи.

"Биз ЖККУ алкагында мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгына чөлкөмдөгү коопсуздуктун кепилдиги катары өзгөчө маани беребиз. Учурда чөлкөмдөгү аскердик-саясий кырдаал чоң тынчсызданууну жаратууда жана ал тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Өз тарабыздан биз биргелешкен ишти өз ара колдоо духунда улантууга даярбыз жана уюмдун бардык мүчө-мамлекеттерин буга чакырабыз", - деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Ооганстандагы азыркы кырдаалга олуттуу кабатырлануусун билдирди.

Аны менен бирге ал кыргыз тараптын Ооганстан менен достук мамилени колдоону жана анын ички иштерине кийлигишпөөнү жактаарын белгиледи.

Ошол эле учурда мамлекет башчысы Ооганстан жаңы бийлигинин өкүлдөрү менен өлкөдөгү кырдаалды тезирээк турукташтыруу үчүн ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө диалог жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

"Биз Ооганстандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз", - деп белгиледи Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: