super.kg logo

5 жылдан бери жабык турган Тарых музейи качан ачылар белгилүү болду

 

Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоп-түзөө иштери аягына чыгайын деп калды. Театрды ноябрь айында ачууну пландалууда. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, театрды оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып жатат. Ноябрь айында ачылыш аземи болушу мүмкүн.

"Кыргыз драма театрынын оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып жатат. Ноябрь айынын аягында ачылыш аземин өткөрөбүз. Ошондой эле Кыргыз тарых музейинде ноябрь айында жумуштарды бүткөрүп, ачууну пландап жатабыз", - деп билдирди ал.

Маалымат үчүн:

Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоп-түзөө иштерине аталган театрдын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 44 миллион 722 миң сом бөлүнгөн.

Тарых музейи 2016-жылы жабылып, реконструкциялоо башталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы керек эле. Бирок жасалуучу жумуштар соңуна чыкпагандыгына байланыштуу музейдин ачылышы белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Музейин оңдоодо 118 миллион сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулганын Башкы прокуратурадан тастыкташкан.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Улуттук тарых музейинин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Мындан сырткары депутаттар Тарых музейинин абалы менен таанышып, көчмө жыйын өткөрүшкөн. Анда эл өкүлдөрү реконструкциялоо иштери 5 жылдан бери бүтпөгөн тарыхый мекемени ушул жылдын 31-августунда, тактап айтканда Кыргыз мамлекетинин эгемендик күнүнө карата ишке киргизүүнү белгилешкен.

Белгилей кетсек, 18-май - музейлердин эл аралык күнү. Дүйнө коомчулугу музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: