super.kg logo

"Ой, койсоңорчу. Авамды уят кылып бүтмөй болдуңар!". Балбак Түлөбаев маданият өкүлдөрүнүн кайрылуусу боюнча оюн айтып чыкты

 

Бишкектин мурдагы мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маданият кызматкерлеринин президентке жазган кайрылуусу боюнча пикирин айтып чыкты. Ал маданият тармагы ит ыйлай турган абалда экенин, биринчи ошол маселени көтөрүүнү сунуштаган.

"Аттын изине иттин изи аралашып кетти. Авамды (ред.: Садыр Жапаров) уят кылып бүтмөй болдуңар. Ой, койсоңорчу! Силер жок эле эл колдоп алат. Элди бөлүп, чыңалтпай. Андан көрө маданият ит ыйлай турган акыбалда, ошону көтөрчү биринчи. Ким ушуну ойлоп таап сунуштаса, акылыңарга береке.

Ой, элди бириктирип, ынтымакка алып келе албай жатсак... Азыр позиция, оппозиция, бийлик бутактары бир муштум боло турган убак, кыргыз үчүн, өнүгүүсү үчүн. Чыңалып, түйүлгөн муштум менен ызырынып, тиштенип шайлоого барган болбойт. Токтойлу! Кепке келели. Өлкө бирөө эле", - деп айтылат анын социалдык тармактагы билдирүүсүндө.

Буга чейин айрым артисттер өлкө башчы Садыр Жапаровдон саясатчыларды жазалоону суранып, кайрылуу жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: