Садыр Жапаров ЖККУнун саммитинде Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселени көтөрдү





Бүгүн, 16-сентябрда президент Садыр Жапаров Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселени көтөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы чыңалуунун сакталышы кыргыз тарапты уюмга мүчө бардык мамлекеттердин буга өзгөчө көңүл буруусуна басым жасоого милдеттендирерин белгиледи.
"Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат, өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жана саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызс өлкөсүнүн көз карашы өзгөрүүсүз калат", - деди Садыр Жапаров.
Региондогу абалды эске алуу менен Садыр Жапаров бир катар сунуштарды, анын ичинде ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда Уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну айтты.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын көңүлүн кыргыз тарап уюмдун анын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында өнөктөштөр менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча стратегиялык сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенине бурду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Kuban-1207

16.09.2021. 16:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат Садыр
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.