super.kg logo

Токмокто ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн социалдык шаарча, жатакана жана лицей ачылды

 

Бүгүн, 16-сентябрда Чүй облусунун Токмок шаарында калктын аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөр жана көп балалуу жалгыз бой аялдар үчүн (104 үй-бүлө) курулган социалдык шаарчанын ачылышы болду. Шаарчада ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эркектер жатаканасынын жана 300 окуучуга ылайыкташкан жатаканалуу "Аманат-Токмок" жаңы мектеп-лицейи да бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган социалдык объектилердин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, "Ас-Сафа борбору" Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасы Мухаммед Абдулрахман Алшайа жана фонддун төрт өлкөдөгү демөөрчүлөрдүн делегациясы катышты.

"Биздин өлкө калктын жашоо деңгээлин жана социалдык абалын жакшыртуу үчүн максаттуу мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө. Өз кезегинде сиз ишке ашырып жаткан долбоорлор бул саясатты ишке ашырууга чоң салымын кошууда. Көп жылдар бою "Ас-Сафа" кайрымдуулук фонду калктын аярлуу катмарынын социалдык жана экономикалык абалын жакшыртуу үстүндө иш алып барууда. Мамлекетибизди колдоо үчүн жасаган кайрымдуулук ишиңиз өлкө президенти жана кыргыз эли тарабынан ар дайым жогору баалана тургандыгын белгилей кетүү керек", - деди ал.

Аярлуу катмардагы үй-бүлөлөр жана көп балалуу жалгыз бой аялдар үчүн курулган социалдык шаарчанын жалпы аянты 31 миң чарчы метрди түзөт. Анда 104 үй-бүлө үчүн турак жай курулуп, эмерек жана турмуш-тиричилик техникалары менен жабдылган. Ошондой эле шаарчада 25 жумуш орду каралган тигүү цехи, фельдшердик-акушердик пункт, азык-түлүк дүкөнү, балдар аянтчасы, футболдук талаа жана мечит салынган.

№2 психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эркектер жатаканасы 75 адамга ыңгайлашкан. Имаратта бейтаптар, дарыгерлер жана кызматкерлер үчүн бөлмөлөр бар. Ашкана жана санитардык түйүндөр да каралган.

Мындан тышкары "Аманат-Токмок" мектеп-лицейинин да ачылыш аземи болуп өттү. Аталган лицей өз аймагына спорт зал, эки жатакана, ашкана, устакана жана нан бышыруучу жайды камтыйт. Ал эми лицейдин окуу имараты эки кабаттан турат. Бул жерде аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдары билим алышат. Учурда 11 класс үчүн окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.09.2021. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол Араб эли берген акчанын канча пайызын колдоншту дагы, канча пайызын жешти болду экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: