ЖККУнун саммитинде декларация кабыл алынып, 14 документке кол коюлду







Дүйшөмбү шаарында ЖККУ саммитинин соңунда жыйынтыктоочу декларация кабыл алынып, бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда аталган шаарда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты.
Жыйын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн башчылары регионалдык коопсуздук жана эл аралык кызматташтык маселелерин, ошондой эле Ооганстандагы кырдаалды жана бирикменин ишине байланыштуу маселелерди карашты.
Саммит Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өттү.
Ошондой эле жыйынга ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась дагы катышты.
ЖККУ саммитинин жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;
- Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекеттердин территориясында жамааттык коопсуздуктун күчтөрүнүн жана каражаттарынын убактылуу жайгашуу иштерине байланыштуу юрисдикция маселелери жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча келишим;
- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлерин (жамааттык күчтөрдү) биргелешип материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо жөнүндө келишим;
- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2007-жылдын 6-октябрындагы тынчтык орнотуучу ишмердүүлүк жөнүндөгү келишимине өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
- "Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына арналган иш-чаралар планы жөнүндө" Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
- "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ыкчам чара көрүү күчтөрүн заманбап курал-жарак, аскердик жана атайын техника, атайын каражаттар менен камсыздоо планы жөнүндө" Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
- "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун корголгон мультисервистик байланыш түйүнүнүн схемасы жөнүндө" Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
- "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысынын тынчтык орнотуу маселелери боюнча атайын өкүлү жөнүндө" Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
- "Жамааттык келишим уюмунун мамлекеттер аралык аскердик-экономикалык кызматташтык комиссиясынын төрагасы жөнүндө" Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
- "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Бириккен штабынын башчысы жөнүндө" Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
- "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскердик контингенттеринин курамы жана атайын багыттагы күчтөрүн калыптандыруу жөнүндө" Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
- "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2020-жылга бюджетинин аткарылышынын отчёту жөнүндө" Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
- "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 2022-жылга бюджети жөнүндө" Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
- "Уюмдун төрагалыгы, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын убактысы жана өткөрүү орду жөнүндө" Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин протоколдук чечими.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.