Баткендеги чек ара чырында каза болгон 36 адамдын жакындарына үйлөр тапшырылды (сүрөт)















Бүгүн, 16-сентябрда 28-30-апрелдеги чек арада орун алган каргашалуу окуяда каза болгон 36 адамдын үй-бүлөлөрү үчүн курулган жаңы үйлөр тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова жана президенттин коомдук иштери боюнча кеңешчиси Ассоль Молдокматова жана каргашалуу окуяда каза болгон 36 эр-азаматтын жакындары катышты.
"Алгач куран окулуп, андан соң облус башчысы шейит кеткендердин жакындарына президент Садыр Жапаровдун атынан жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтуу менен сабырдуулук каалады.
"Алардын мекен үчүн жасаган эрдиги эч качан унутулбайт. Бул үйлөрдө мамлекет үчүн күйгөн, өз элин сүйгөн жана мекенди көздүн карегиндей сактаган, уул-кыздарыбыз тарбиялансын", - деп баса белгиледи Алимбаев.
Үйлөрдү тапшыруу аземинде катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова жана президенттин коомдук иштери боюнча кеңешчиси Ассоль Молдокматова шейит кеткен эр-азаматтардын жакындарына көңүл айтып, өлкөдө тынчтык болуусун тилек кылышты.
Үй үч бөлмөлүү жана ашканасы, керектелүүчү заманбап шарттары, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү атайын жабдыктары бар", - деп жазылат маалыматта.



Же уйунун бир болмосун сарай кылып уй байлап, экинчи комнатасына эгин жыйабы не?!
Болбосо шаардан эле этаждан квартира алып бербепсинер мынча болду.......