Министрлер кабинети ирригация объектилерин оңдоп-түзөөгө 100 миллион сом бөлөт
Министрлер кабинети ирригация объектилерин оңдоп-түзөөгө 100 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын апрель-июль айындагы нөшөрлөгөн жаандын жана селдин натыйжасында, талкаланган ирригациялык объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө республикалык бюджеттен 100 миллион сом бөлүнөт. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Ошондой эле бөлүнгөн каражаттар алкагында дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо максатында суу чарба объектилерин оңдоо иштери жүргүзүлөт. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине 2021-жылга каралган оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жыйынтыктоону камсыздоосу тапшырылды.


