Экс-депутат: "Президенттик администрациянын жетекчисинин жана ички иштер министринин отставкасын талап кылам"
Айрым маданият өкүлдөрү өлкө башчы Садыр Жапаровдон бир канча саясатчыларды жазалоону суранып, кайрылуу жазышканы социалдык тармакка тараган.
Кайрылуу катын жазган акын Сонунбүбү Кадырова бул боюнча SUPER.KG порталына өз пикирин билдирип, кайрылуунун тексти өзгөрүп кеткенин айтты.
Саясатчылардын катарында суракка чакырылган Жылдызкан Жолдошева президенттик администрациянын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовдун, ички иштер министри Улан Ниязалиевдин жана Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимкан уулунун отставкасын талап кыларын SUPER.KG порталына билдирди.
"Жалган жалаа менен президенттик администрациянын ичинде башка бирөөнүн катын каалагандай бурмалаган көрүнүш болуп жатат. Ош облусу эң чоң облус. Ошол облустан болгондо дагы 6 өтө күчтүү, таасирлүү саясатчылардын аты-жөнүн кошуп, ушундай аракеттер жасалган. Ошондуктан президенттик администрациянын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовдун, ички иштер министри Улан Ниязалиевдин жана Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимкан уулунун отставкасын талап кылам. Мындай нерсеге жол берилбеш керек болчу", - дейт Жылдызкан Жолдошева.



Башталды сфабрикованный жалаа жабуу........