Кыргызстанда биринчи жолу “Hip-Hop Allstars KG” аталышындагы фестиваль болот
16-ноябрь күнү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Сарайында биринчи жолу “Hip-Hop Allstars KG” аталышындагы фестиваль болот. Фестивалды уюштуруп жаткандардын бири Улукбек Кыязов: “Hip-Hop стилиндеги фестиваль биринчи жолу өткөнү жатат. Ал күнү Кыргызстандагы рэп-артисттердин баары катышат. Фестиваль жакшы өтүп кетсе, кийинки жылы да өткөрүүнү пландап жатабыз”,- деп SUPER.KG порталына ой бөлүштү. Ошондой эле фестивалга «Трое разных», Баястан жана Бегиш, L-Zeep, Dirty LONDON, Q.Taz, MOVE, VALD1S жана башка рэп-ырчылары катышышат. Ал эми жеңүүчүлөр балуу сыйлыктар менен сыйланышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.