super.kg logo

Кытай өкмөтү 100 миллион доллар жана 1 миллион доза вакцинаны Кыргыз өлкөсүнө берүүгө даяр

 
Президент Садыр Жапаров Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Тараптардын жолугушуусу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында орун алганын президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашат.
Коопсуздук жана коргоо, соода-экономикалык кызматташтык, инвестиция тартуу жана башка тармактарда Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын достук жана ынак коңшулаштык мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Президент акыркы бир нече жылда, анын ичинде пандемияга карабай, Кытай Кыргыз мамлекетине экономикасына инвестиция тартуу жана товар айлантууда алдыңкы орундардын бирин ээлеп келе жатканын белгиледи. Садыр Жапаров билдиргендей, Кыргыз жергеси Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карайт жана өз ара сооданы өнүктүрүүгө, өз ара кызыкчылык туудурган, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.
Аны менен бирге соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле жогорку стратегиялык мамилелерди колдоо максатында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы дайымкы аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.
"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу боюнча маселени талкулоодо Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргыз өлкөсү үчүн эле улуттук маанилүү долбоор эмес, жалпы эле регион үчүн маанилүү экенин жана кыргыз тарап бул багытта активдүү диалогду улантууга даярдыгын белгиледи.
Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо иретинде Кыргыз мамлекетине 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын белгиледи.
Ошондой эле Ван И коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди.
Мамлекеттик кеңештин мүчөсү кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди. Эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу менен эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын жандантуу зарылдыгы туурасында пикирдиин колдоду.
Мындан сырткары тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулап, эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын бул багытта өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.09.2021. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик Жапаров
17.09.2021. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге берип жатат?Кытай эч качан жөн эле жардам бербейт.Кытай менен этияттап мамиле кылыш керек.Кайра Кытайдан мурдагы алган карыздан кыскартып коюш керек.Биздин чиновниктерди эле байытат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: