Абайлаңыз сүрөт! Бишкекте унаа сүзүп, комада жаткан жарандын аты-жөнүн аныктоого милиция кызматкерлери жардам сурайт

Бишкекте унаа сүзүп кеткен жаран комада жатат. Милиция кызматкерлери жабырлануучунун аты-жөнүн аныктоого жана жакындарын табууга жардам сурайт.
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык 13-сентябрда болжол менен саат 21:30 чамасында Курманжан Датка көчөсүндө катталган. Анда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын 1987-жылы туулган айдоочусу жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 45-50 жаш чамасындагы жаранды сүзүп кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ага баш мээсинин ачык жаракат алышы, мээнин жаракаты, чекесинин сөөгү сызыктуу сынган жана эс-учун жоготкон абал диагнозу коюлган", - дешет мекемеден.
Аты-жөнү белгисиз болуп жаткан бейтаптын кийип жүргөн кийимдери: UFC жазуусу бар кара түстөгү кепка, ачык көк түстөгү футболка, көк жынсы, улуттук орнамент түшүрүлгөн кара кур, боз түстөгү байпак жана кара түстөгү туфли. Шымынын чөнтөгүнөн 2 ачкыч жана Дэу унаасынын ачкычы табылган.
Белгилери: Бою 170-175 сантиметр, чачы кыска.
Эгерде сүрөттөгү жаран жөнүндө кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81, (0553) 11-21-13, (0502) 22-24-12 же 102.


