super.kg logo

Аба каттамдарын ачуу, инвестиция тартуу, айыл чарба азыктарын экспорттоо талкууланды. Талант Мамытов Кореянын элчиси менен жолукту

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кореянын Кыргыз мамлекетиндеги атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэни кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач Талант Мамытов Ли Вонджэни Кыргыз мамлекетиндеги дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, элчи катары эки өлкөнүн алакасын өнүктүрүү үчүн өзгөчө салым кошоруна ишеним артарын кошумчалады.

Ошондой эле Мамытов эки өлкөнүн кызматташтыгына токтолду. “Корея биз үчүн маанилүү өнөктөш мамлекеттердин бири. Быйыл эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусунун калыптангандыгына 30 жыл толду. Мындан ары да алакаларыбызды арттырып, жаңы деңгээлге көтөрүшүбүз зарыл. Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 100 миллион долларды гана түзөт. Андыктан бул жааттагы кызматташтыкты өнүктүрүү учур талабы”, - деди ал.

Өз кезегинде Кореянын Кыргыз мамлекетиндеги атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына ыраазычылык билдирип, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жигердүү иш алып барарын белгиледи.

“Корея Республикасы Кыргыз мамлекети менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар. Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү артыкчылыктуу максаттарыбыздын бири”, – деди Ли Вонджэ.

Ошондой эле элчи Талант Мамытовго Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Корея парламентинин төрагасы Пак Бён Соктун куттуктоо катын тапшырды.

Жолугушууда мындан сырткары түз аба каттамдарын ачуу, Кыргыз мамлекетине инвестиция тартуу, Кореяга айыл чарба азыктарын экспорттоо өңдүү бир катар маселелер да талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: