super.kg logo

"Бейтапты дары менен эмес, торт менен дарылоого аракет кылган". Уулунан ажыраган жаран дарыгерди айыптады

 
Баласы дарыгердин шалаакылыгынан улам каза болгонун айткан жаран Акыйкатчы институтуна арыз менен кайрылды. Доогер жеке клиникалардын биринин дарыгерин бейтапты дары менен эмес, торт менен дарылоого аракет кылган деп айыптады.
Акыйкатчы институтунан кабарлашкандай, А.Б. аттуу жаран 2020-жылы июль айында COVID-19дан көз жумган 37 жаштагы уулу А.Т.нын окуясы боюнча кайрылган. Арыз ээси өзүнүн кайрылуусунда жалгыз уулу, багуучусунан ажыраганын, баласы менчик клиниканын дарыгеринин шалаакылыгынан улам каза болуп, артында жашы жете элек эки баласы калганын айткан.
Бул арыз боюнча Акыйкатчы аппараты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине суроо-талап жөнөткөн. Министрдин орун басарынын колу коюлган жоопто: "Арыз ээсинин кайрылуусунда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн. Комиссия медициналык документацияны (оорунун таржымалын) талдап, рецензиялар берилди, менчик клиниканын дарыгеринин күнөөсү аныкталды", - деп жазылат.
"Белгилүү болгондой, былтыр, 26-июндан 4-июлга чейин бейтаптын абалынын оордугу бааланган эмес. 1-июлда Т.Т.К. аттуу дарыгер бейтаптын абалынын начарлашына байланыштуу үйгө чакырылган, бирок ал ооруп жаткан жарандын абалын канааттандырарлык деп баалаган. Дарыгер Т.Т.К.нын этикага жатпаган жүрүм-туруму (бейтаптын абалы начарлап кеткендигине байланыштуу үйгө дарыгерди чакырганда ал торт сатып алып, бейтапка берген. Муну дарыгер бейтаптын алсыздыгы, начар тамактанып жаткандыгы, тамактын жетишсиздиги менен түшүндүргөн", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул окуя боюнча арыз ээси Октябрь РИИБине кайрылып, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Арызда көрсөтүлгөн себептердин негизинде кылмыш иши козголуп, бирок иш Октябрь РИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү Айдарбек уулу Р. тарабынан негизсиз токтотулган. Буга байланыштуу арыз ээси Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасына жогорудагы тергөөчүнүн аракетсиздиги боюнча арыз менен кайрылган. Бул арызга прокуратурадан жооп келген, анда тергөөчү Айдарбек уулу Р.нын ишти кыскартуу чечими жокко чыгарылгандыгы жана материал Октябрь РИИБинин тергөө кызматына сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн жөнөтүлгөндүгү айтылган.
Бирок ушул күнгө чейин кылмыш иши боюнча эч кандай тергөө иш-чараларын жүргүзбөй келгенин доогер айткан.
Буга байланыштуу Акыйкатчы аппараты башкы прокурорго кайрылып, А.Б.нын арызын жеке көзөмөлүнө алып, менчик клиниканын дарыгери Т.Т.К.нын аракеттерине укуктук баа берүүнү жана аталган арыз боюнча сотко чейинки өндүрүштү Жазык-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүүнү тапшырууну суранды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: