Өлкөдө былтыркы жылы ишканалардын пайдасы 2 эсеге азайды
Өлкөдө 2020-жылда экономика ишканаларынын пайдасы 2,3 эсеге азайды. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында көрсөтүлөт.
Маалыматта айтылгандай, 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча экономика ишканалары тарабынан сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 25 миллиард сомго жакын пайданы түздү. Бул мурунку жылдын пайдасынын көлөмүнөн 2,3 эсеге аз.
Пайданын эң көп көлөмү жалпы суммасынын 57 пайыз же 14 миллиард сому - финансылык сектордун уюмдары тарабынан алынды. Экономиканын финансылык эмес (реалдуу) секторунун үлүшүнө жалпы пайданын көлөмүнүн 43 пайыз же 11 миллиард сомго жакыны туура келди.
"2020-жылы республиканын экономикасында финансылык-чарбалык ишмердиктерди 22 миңден ашык ишканалар жана уюмдар жүргүздү. Экономика ишканаларынын негизги саны - 21 миң 700 ишкана (экономика ишканаларынын жалпы санынын 97 пайызы) реалдуу (финансылык эмес) секторуна, 650 уюмдар (3 пайызы) - экономиканын финансылык секторуна туура келди. Тармактар бөлүнүшүндөгү экономика ишканаларынын жалпы санынын 27 пайызы соода чөйрөсүндө, 14 пайызы - өнөр жай тармагында, 12 пайызга жакыны - курулуш тармагында, 10 пайызы ашыгы - кесиптик, илимий жана техникалык ишмердигин жүргүзүүчү уюмдарында ишмердиктерин жүргүздү", - деп айтылат маалыматта.
Экономика ишканаларынын продукциясын (товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн кирешелердин көлөмү 2020-жылы 548 миллиард сомдон ашты. Алардын негизги үлүшү (жалпы көлөмдүн 90 пайызы) - экономиканын реалдуу сектордун ишканалары, ал эми 10 пайызга жакыны - финансылык сектордун уюдары тарабынан түзүлгөн.
"Өткөн жылы кирешенин негизги көлөмү иштетүү өнөр жай ишканалары (жалпы көлөмдүн 48 пайыздан ашыгы), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу уюмдары (10 пайызы), соода (8,5 пайызы), электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуу (жабдуу) боюнча (7 пайызы), курулуш (7 пайызы), пайдалуу кенди казуу (4,5 пайызы) жана байланыш (4 пайызы) ишканалары тарабынан түзүлгөн", - деп жазылат Статкомдун маалыматында.


