Маалыматка ылайык, жолугушууда калаа башчысы каза болгон баланын атасына батир берүү кечиктирилгени үчүн кечирим сурап, Бишкек шаардык кеңешинин 28-сентябрда боло турган сессиясында бул маселе караларын билдирди.
"Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаары, Анкара көчөсү №202\2 дарегиндеги №112 муниципалдык батирди кайтарымсыз негизде берүү жөнүндө" токтомдун долбоорун Бишкек шаардык кеңешине киргизди.
Токтом бекитилери менен муниципалдык менчик башкармалыгы аянты 65,9 чарчы метр болгон эки бөлмөлүү жаңы батирди менчикке өткөрүп берүү боюнча келишим түзөт", - деп айтылат маалыматта.
"Батир маселеси боюнча". Бишкек шаарынын мэри Октябрь окуясында каза тапкан Үмүтбектин эжеси менен жолукту



Кечээ, 16-сентябрь күнү Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Октябрь окуясынын кесепетинен каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун эжеси менен жолукту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.