super.kg logo

Курсан Асанов өтө оор кылмыш жасагандар кармалган абакка камакка алынды. Жактоочусу сотко кайрылат

 

Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы кечээ, 16-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда каралып, ал 14-ноябрга чейин камакта калтырылган.

Жактоочу Икрамидин Айткуловго байланышканыбызда, ал Курсан Асановду №50 абакка камоо чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрыларын билдирди.

"Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралган соң анын №50 абакка камакка алынышы боюнча мен Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылам. №50 абакка өтө оор кылмыш жасаган кылмышкерлер кармалат. Ал жерде адам өлтүргөнү, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар дегендей. Асановду ал жакка алып барганы бул мыйзамсыз. Алар мындай чечим менен Асановду коркутуу, үркүтүү дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан Асановдун абактагы коопсуздугу эми ЖАМКнын моюнунда", - деп билдирди Айткулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.09.2021. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элдин, мамлекеттин тынчтыгын бузгандар жана каалагандар камалсын!!!
17.09.2021. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевтин убагында сайылып койгон окшойт да Асанов.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: