super.kg logo

Аскердик кызматка күзгү чакыруу 1-сентябрда башталды

 

18 жашка толгон бардык жигиттерди аскердик кызматка чакыруу 1-сентябрда башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабына караштуу башкы мобилизациялык уюштуруу башкармалыгынын аскерге чакыруу бөлүмүнүн башчысы, полковник Канатбек Шамыров билдирди.

Жетекчинин айтымында, быйылкы жылдагы күзгү чакырууда мөөнөттүү аскердик кызматка 3 миңден ашык бала, ал эми альтернативдүү кызматка 10 миңге жакын жаран чакырылууда.

"Республикалык жана облустук аскердик кызматка каттоо пункттарындагы иштер жана чогулуштар июль айында аяктаган. Буга чейин август айынын башынан бери чек ара кызматына жана Ички иштер министрлигинин аскердик кызматына кызмат өтөй тургандардын 2 тобу жөнөтүлдү. Ал эми күзгү чакыруу толугу менен 1-сентябрда башталды. Ошондой эле октябрь айы жана ноябрдын аягына чейин уланат", - деп билдирди ал.

Мындан тышкары 18 жаштан 25 жашка чейинки балдар олуттуу себептери жок аскердик кызмат өтөөдөн баш тартууга укугу жок экендигин белгиледи Канатбек Шамыров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: