Аскердик кызматты альтернативдик түрдө өтөй тургандарга чегерилген төлөмдүн суммасы белгилүү болду
Олуттуу себептерден улам аскердик кызматты альтернативдик түрдө өтөй тургандардын мамлекетке которо турган акча каражатынын суммасы белгилүү болду. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына караштуу башкы мобилизациялык уюштуруу башкармалыгынын аскерге чакыруу бөлүмүнүн башчысы, полковник Канатбек Шамыров билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөлүк абалына жана ден соолугуна байланыштуу мөөнөттүү аскердик кызматка бара албагандар 18 миң сом төгүшөт. Ал эми диний көз карашына байланыштуу аскерге бара албаган жарандар 25 миң сом өлчөмүндө каражат төгүүгө милдеттүү.
Ошондой эле Канатбек Шамыров альтернативдик кызмат өтөй тургандар тиешелүү суммадагы каражатты 18 айда төлөп бүтүшү керектигин белгиледи. Белгилей кетсек, бул жылы аскерге күзгү чакырууда альтернативдик кызматка 10 миңге жакын жаран чакырылып жатканы айтылган.


