Аты далайга айтылат... Баткендеги чек ара жаңжалында каза болгон Мадинанын ысымы андагы жаңы шаарчага берилди





Кечээ, 16-сентябрда 28-30-апрелдеги чек арада орун алган каргашалуу окуяда каза болгон 36 адамдын үй-бүлөлөрү үчүн курулган шаарчанын ачылышы болду. Ал эми шаарчага Мадина ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бул Баткен облусу. Аскердик жаңжал учурунда каза болгон Мадинанын урматына Мадина деп аталган шаарчанын ачылышы болуп өттү. Үч айда 36 сапаттуу үй курулган. Бүгүн ачкычтары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө тапшырылды. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары, өзгөчө балдар курман болбошу керек. Бул оор жана адилетсиз.
Үйлөр ыңгайлуу: конок бөлмө, эки уктоочу бөлмө, ашкана бар. Бул үйлөрдү тынчтык жана ынтымак орносун. Жерибизде эч качан кыйынчылык болбосун", - деп жазган Молдокматова.


