super.kg logo

"200 миллион доллар чыгарып кеткен". "Центерранын" экс-президентине, "Кумтөрдүн" төрагаларына издөө жарыяланды

 

Канадалык "Центерра" компаниясынын мурдагы жетекчилиги менен "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын жогорку жетекчилиги "Кумтөр" иши боюнча издөөдө жүрөт. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу "Кумтөр" кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

"Тергөөдө канадалык "Центерра" компаниясынын жогорку жетекчилигинин жана "Кумтөр" кенинин оператору "Кумтөр Голд Компания" компаниясынын тиешеси бар экендиги тууралуу жана чет өлкөлүк жарандардын ичинен 2013-жылдын декабрында 200 миллион доллар уурдоо ошондой эле аларды чет элдик компаниянын эсебине алуу боюнча далилдерди алды.

2013-жылы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо маселеси боюнча өлкөнүн өкмөтүнүн активдүү ишинин жана "Центерранын" шарттарын кабыл алуу мүмкүн эместиги боюнча парламенттин категориялык позициясынын фонунда компаниянын жетекчилиги "Кумтөр" компаниясынын жогорку жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алып, жасалма карыздык милдеттенмелер, кийин дивиденддер катары эсептен чыгаруу боюнча компаниядан 200 миллион долларды чыгарган.

Бул факты боюнча тергөө тарабынан "Центерранын" мурдагы президенти Ян Аткинсон, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Андрей Сазанов жана Макл Фишер, "Кумтөр Оперейтинг Компания" жабык акционердик коомунун финансы боюнча вице-президенти Жон Сютер сыртынан жоопко тартылып издөө жарыяланган.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө уланууда, жыйынтыгы боюнча регалиясына жана татыктуулугуна карабастан, "Кумтөр" долбоорунда өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтирген кылмыштуу аракеттерге катышкан бардык адамдарга укуктук баа берилет", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.09.2021. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Жапаров!Буга чейин Кумторго эч кимдин алы жеткен эмес.
17.09.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бут жетекчилер кыргыз эмес. А жер, байлык кыргыздыкы. Кунун башкалар коруп келген. Оштогу эн ынгайлуу жерлер да башка эле бироолордун менчигинде.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: