Түптө кутуга салынган окуучу бийлик өкүлүнө "тартуу кылынган" окуя. Завуч иштен алынганы жатат
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылындагы орто мектепте биринчи коңгуроо салтанатында кутуга салынган окуучу айыл өкмөт башчысынын орун басарына сюрприз кылынган көрүнүш социалдык тармакта кызуу талкууну жараткан.
Буга чейин мектептин сюрпризин орой болуп калды деп айткан Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Канат Курманалиевге SUPER.KG порталы окуя тууралуу байланышканыбызда, аталган мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары иштен алынганы жатканын билдирди.
"Уюштуруучу завучту жумуштан алганы жатышат деп айтышты, ушу кантип болсун. Балдарды коргоо бөлүмүнө окуя боюнча балага эч кандай зыян келген жок, корккон жок деп медициналык кароо жүргүзүп, корутундуну чыгарып бербейсиңерби деп айттым. Бул эмне деген ызы-чуу? Ушу кантип болсун. Бала кутудан чыкканда күлүп, колун көтөрүп чыккан. Бетинен өөп, батабызды берип чыгарып койгом. Андан кийин апасы да күлүп алып колунан жетелеп кеткен. Ал эч нерсе болгон жок.
Айылдык мектепке бүлүк салып жатасыңар да. Кечээки күндөн бери аябай өкүнүп калдым, мындан кийин чогулуш болсо такыр барбайын деп чечтим. Комментарийлерде аябагандай жаман сөздөр жазылыптыр. Мугалимдер ыйлап жүрөт, жумуштан алынганы жатышат. Ушу кантип болсун", - деп билдирди Курманалиев.
кошулду






1 |