Өлкөдө муктаждыгы бар балдардын оюн аянтчасы жакында ачылат
19-сентябрда борбор калаадагы "Ынтымак 2" сейил багынын аймагына курулуп жаткан инклюзивдүү балдар аянтчасынын ачылыш аземи болот. Бул тууралуу аталган долбоорду демилгелеген компаниядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, "Ротари Клуб Бишкек" компаниясы буга чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн "Инклюзивдүү аянтча" долбоорун демилгелеп, Бишкек мэриясы менен келишимге кол койгон. Андан соң Бишкектеги "Ынтымак 2" сейил багынын аймагына аталган аянтчанын курулуш иштерин баштаган.
"Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өз теңтуштарынан медициналык себептерден эмес, социалдык себептерден улам артта калып келет. Бул нерсеге башкалар менен болгон байланыштын аздыгы, кыймылдуу иш-аракеттердин жоктугу да өз таасирин тийгизип келет. Инклюзивдүү аянтча дал ошол өзгөчө кароого муктаж балдардын физикалык, социалдык жана психикалык жактан өсүп-өнүгүүсүнө чоң жардам берет", - деп айтылат маалыматта.
Жалпы бюджети 4 миллион 400 миң сомду түзгөн долбоор аягына чыгып, 19-сентябрда Бишкек мэриясына тапшырылуу алдында турат.
Аталган аянтча Түркия жана Орусия өлкөлөрүнөн алып келинген өзгөчө жабдуулар менен жабдылган. Мисалы, сапаттуу жана лицензияланган аттракциондор, майыптар арабасы менен түшүүгө мүмкүндүк берген оюн комплекстери, майыптыгы бар балдар үчүн коопсуз селкинчектер жана ошондой эле атайын жасалган кумдар, отургучтар бар.
"Булардын баары өзгөчө муктаждыктагы балдардын чогуу убакыт өткөрүүсүнө чоң өбөлгө түзөт. Андан тышкары мындай аянтчаларды бардык билим берүү мекемелеринде жайылтууга жол ачат. Азырынча Кыргыз өлкөсүндө бул түрдөгү атайын курулган аянтчалар жокко эсе", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда Кыргыз өлкөсүндө 30 миңге жакын өзгөчө муктаждыктагы балдар бар.


